Төлөм шарттары
Төлөм:
Банк картасы менен
Тапшырыкты жеке кабинетиңизден төлөй аласыз.
Төлөм Freedom Pay же Telemedia Group Процессинг борборунун авторизациялык сервери аркылуу жүргүзүлөт.
Төлөм ыкмаларынын тизмеси:
Visa, MasterCard, Элкарт банк карталары
Электрондук капчыктар
О! Деньги
Balance.kg
Mega Pay
Мобилдик банкинг:
Mbank
Төлөм жана берилмелерди өткөрүү процессинин сүрөттөмөсү
Банк картасы менен төлөөнү тандаганда тапшырыкты төлөө, ал жазылып-катталгандан кийин дароо ишке ашырылат. Дүкөнүбүздө товарды жазып-каттагандан кийин «Банк картасы менен» төлөө баскычын басышыңыз керек, бул учурда система Сизди төлөм системасынын операторунун жана/же банк картасынын реквизиттерин киргизүү үчүн тиешелүү банктын корголгон төлөм баракчасына жөнөтөт; ал жерде Сизге банк картасынын маалыматтарын киргизүү, авторизациясын баштоо сунушталат.
Төлөм баракчасына байланышуу жана маалыматтарды өткөрүү 3D Secure технологиясын колдонуу менен корголгон режимде ишке ашырылат.
Банк картасынын маалыматтарын киргизүү баракчасында Тапшырык ээси банк картасынын маалыматтарын киргизиши керек: картанын номери, карта ээсинин аты-жөнү, картанын колдонулуу мөөнөтү, үч сандан турган коопсуздук коду (VISA үчүн CVV2 же MasterCard үчүн CVC2).
Бардык керектүү маалыматтар картанын өзүндө жазылган. Үч сандан турган коопсуздук коду - бул картанын арткы бетиндеги үч орундуу сан болуп эсептелет. Эгер Тапшырык ээсинин банкы MasterCard SecureCode, Verified by Visa сыяктуу интернет-төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүү технологиясын колдосо, төлөмдү ишке ашыруу үчүн атайын паролду киргизүү талап кылынышы мүмкүн.
Берилген жеке маалыматтын купуялуулугу банк жана төлөм системасы тарабынан камсыздалат. Киргизилген маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын ала каралган жагдайлардан тышкары, үчүнчү жактарга берилбейт. Банк картасы менен төлөө төлөм системаларынын талаптарына так ылайык жүргүзүлөт.
Андан соң дүкөнүбүзгө кайтуу үчүн "Дүкөнгө кайтуу" баскычын басыңыз. Дүкөнүбүзгө кайтып келгениңизден кийин, система Сизге авторизациянын жыйынтыктары жөнүндө кабарлайт.
Авторизация ырасталган учурда тапшырыгыңыз автоматтык түрдө Сиз көрсөткөн шарттарга ылайык аткарылат.
Картанын авторизациясы ишке ашпаган учурда төлөм процедурасын кайталай аласыз.
Банк төлөмдү ишке ашыруудан төмөнкү учурларда баш тартышы мүмкүн:
Банк картасы интернет аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган эмес; Тапшырык ээси бул тууралуу тейлөөчү банкка кайрылып, маалымат ала алат;
Банк картасында төлөө үчүн каражат жетишсиз;
Тапшырык ээси банк картасында каражаттардын бар болгондугу тууралуу кененирээк банк картасын чыгарган банкка кайрылып, биле алат;
Банк картасынын маалыматтары туура эмес киргизилген;
Банк картасынын мөөнөтү бүткөн;
Картанын колдонулуу мөөнөтү адатта алдыңкы бетинде көрсөтүлөт (карта бул ай жана жылга чейин жарактуу). Тапшырык ээси картанын жарактуулук мөөнөтү тууралуу банк картасын чыгарган банкка кайрылып кененирээк маалымат ала алат;
Кайтаруу
Тапшырыкты толугу менен жокко чыгаруу үчүн, алдын ала shop@ravenol.kg электрондук почтасына кат жазып, акчаңызды толугу менен картаңызга кайтара аласыз
Интернет-дүкөндөн сатылып алынган товарларды алмаштырууга болбойт, аларды кайтарууга гана болот.